Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Элебесов көчөсүндө Чоң Чүй каналына 37 жаштагы аял киши чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-июнда 1985-жылы туулган И.Е. аттуу жаран аталган жерде сууга түшүп жатып агып кеткен.
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери "161" куткаруу кызматы жана "112" кызматына кабар беришип, издөө иши жүрүүдө. Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүүгө жалпы 8 куткаруучу тартылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн