Бугу 16, 2024
Убакыт: 13:08
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекте Чоң Чүй каналынын жээгине темир тосмолор орнотулду

11.11.2022 15:19
321
Бишкекте Чоң Чүй каналынын жээгине темир тосмолор орнотулду

Шаардыктардын коопсуздугу үчүн Чоң Чүй каналынын боюна "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан темир тосмолор жасалып, Чоң Чүй каналынын боюна орнотулду. 


Муниципиалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Свердлов районунун акимчилигинин демилгеси менен ишкананын базасында тазалыктын жумушчулары темир тосмолорду жасашты.


ЧЧКнын түштүк тарабында Курманжан Датка көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин узундугу 180 погон метрди түзгөн жаңы тосмолор орнотулду.


Даярдоо жана орнотуу иштерине ишкананын 7 кызматкери жана 1 бирдик атайын техника тартылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн