Бугу 05, 2024
Убакыт: 08:38
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте Fusion Concept заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандоо туру өттү

19.06.2023 09:51
1555
Бишкекте Fusion Concept заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандоо туру өттү


Бишкекте Fusion Concept заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандоо туру өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Иш-чара "Ала-Тоо" аянтында өтүп, анда Борбор Азиядагы эң чоң бий кечеси болуп эсептелген сынакта катышуучулар хип-хоп, брейк-данс жана заманбап бийдин башка багыттары боюнча күч сынашты.

Заманбап бий сынагына кыргыз бийчилеринен тышкары дүйнөлүк белгилүү бийчилер да катышып, ар кандай жанрдагы кызыктуу бийлерди бийлешип, көрүүчүлөргө өзгөчө жагымдуу маанай тартуулашты.

Эми сынактын жыйынтыгы боюнча мыкты деп тандалып алынган бийчилер август айында Парижде өтө турган дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алышат.

Белгилей кетсек, аталган дүйнөлүк бий сынагы кыргызстандык белгилүү бийчи Жан Воиновдун демилгеси менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу жана көмөгүнүн негизинде уюштурулду.

Сынак алгач Бишкек шаарында 17-июнь күнү уюштуруучулардын массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулук үчүн маалыматтык жыйын уюштуруусу менен башталды. Андан соң, Asia Mall соода борборунда бийчилердин тандоо туруна арналган флешмоб болуп өттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн