Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 08:50
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Бишкекте Комсомол көлү таза суу менен толтурула баштады

16.07.2024 15:54
135
Бишкекте Комсомол көлү таза суу менен толтурула баштады


Бишкекте Каражыгач багындагы Комсомол көлү таза суу менен толтурула баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, "Бишкекжашылкурулуш" ишканасынын кызматкерлери көлдүн түбүн механикалаштырылган жана кол менен тазалоо, ошондой эле учурдагы скважиналарды жана канализация системасын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү.

Учурда “Бишкекасфальтсервис” ишканасынын адистери көлдүн айланасындагы тротуарларды асфальттоодо.

Белгилей кетсек, бул жасалма көл жана өзүн-өзү тазалоо системасы жок. Акыркы жылдары көлдү толтуруу үчүн суу ЧЧКдан алынса, быйыл скважинадан таза суу толтурулуп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн