Бугу 07, 2024
Убакыт: 15:56
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Бишкекте Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан ЖК депутатын шайлоо өтүүдө

28.05.2023 09:37
1504
Бишкекте Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан ЖК депутатын шайлоо өтүүдө


Бүгүн, эртең мененки саат 08:00дө Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо башталды.

Ленин районунда 124 миң 711 шайлоочу бар. Добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу ачылган.

Добуш берүү кечки саат 20:00дө токтотулат. Аталган округдан жалпы 30 талапкер депутаттыкка ат салышууда.

Белгилей кетсек, аталган аймактын мурдагы депутаты Жаныбек Абиров Бишкекте катталган мушташка байланыштуу мандатын тапшырууну чечкен. Ага байланыштуу Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ЖКнын депутатын мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо дайындалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн