Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 05:21
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.045
1.090

Бишкекте Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием өттү

15.02.2024 16:35
407
Бишкекте Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө арналган митинг-реквием өттү


Бишкектеги Ататүрк сейил багында Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 35 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, курман болгондорду эскерүүгө афган ардагерлери, интернационалист жоокерлердин туугандары, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, БШКнын депутаты Жаныбек Асанбеков, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин аскердик атташеси Игорь Довбня, Афган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин жетекчиси Кожобек Рыспаев, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев жана башкалар катышты.

Иш-чараны Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев ачты. Курман болгондорду эскерүү бир мүнөт унчукпай туруу жарыяланып, үч жолу залп менен ок атылды.

Митинг-реквием сейил бактагы эстеликке гүл коюу менен аяктады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн