Теке 20, 2025
Убакыт: 06:46
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.110
1.135

Бишкекте УКМКнын жасалма күбөлүгүн алып жүргөн жаран кармалды

11.01.2021 11:12
668
Бишкекте УКМКнын жасалма күбөлүгүн алып жүргөн жаран кармалды


Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын жасалма күбөлүгүн алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.


"10-январда саат 14:55те Токомбаев жана Нуркамал көчөлөрүнүн кесилишинде мамлекеттик номер жоктугунан "Тойота-Камри" унаасы токтотулган. Автоунаага тиешелүү документтерди текшерүүдө арткы орундукта отурган жүргүнчү Б.А., өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырып, күбөлүгүн көрсөткөн. УКМК кызматкеринин өздүк күбөлүгү жасалма экени жеринен аныкталды",- деп жазылат билдирүүдө.


Жаран кармалып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн