Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 00:09
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бишкекте актер Азиз Мурадиллаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

19.12.2022 14:00
574
Бишкекте актер Азиз Мурадиллаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү


Бишкектеги Кыргыз Улуттук драма театрында актер Азиз Мурадиллаев менен коштошуу зыйнаты өттү.

Коштошуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, актердун жакындары, санаалаштары жана сахналаштары катышты.

Азиз Мурадиллаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев оорудан улам 17-декабрда көз жумган.

Мурадиллаев 1978-жылы Фрунзе шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Кийин 1997-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга тапшырып, аны 2001-жылы аяктаган.

Ошол эле жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына артист катары кызматка алынып, ошол күндөн ушул күнгө чейин үзгүлтүксүз бир жерде эмгектенип келген.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Аназарова Гульмира
Азиз Мурадиллаев Кыргыз искусство жана маданиятына өтө зор салымын кошту , о э кыргыз элинин улуу кино - актеру ,жылдызы катары дүйнө искусство чеберлерине таанылды.Элим дагы бир Опол тоодой болгон уулубуздан айралып олтурабыз.Жаткан жериң жайлуу , топурагың торколуу болсун ! Кош ,Азиз!