Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте ашканадан өрт чыкты

Бишкекте ашканадан өрт чыкты


18-декабрь күнү Бишкектин Свердлов районунун Ч. Айтматов көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, өрт катталган жерге түнкү саат 02:01де Свердлов райондук N3 Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 2 эсептик күжүрмөн тартылган. Тилсиз жоо саат 02:28де чектөөгө алынып, толук 02:53дө өчүрүлгөн.


Өрт кырсыгынын кесепетинен тамактануучу жайдын 20чарчы метр чатырынын айнектелген кебез жылуулаткычы, пластик шыбы күйгөн.


Өрттүн себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу болгон. 

Такталган маалымат боюнча өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн