Бишкекте аял киши жылуулук өтүүчү түтүкчөгө түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Бүгүн түнкү саат 03:09 чамасында Ленин районун Үмөталиев жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жылуулук өтүүчү түтүкчөгө аял киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымаат түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу тартылып, куткаруучулар аял кишини (аты-жөнү такталууда) алып чыгышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн