Бишкекте аялды сабап өлтүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга Бишкектин Кахов жана Үч-Терек көчөлөрүнүн кесилишинде 30-35 жаштардагы европа улутундагы аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан анын 1986-жылы туулган Н.В. экени такталган.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүмү “Өлүмгө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү” менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жыйынтыгында аял сабалып каза болгону белгилүү болгон.
Кылмышка шектүү катары 33 жаштагы жаран кармалган. Ал №1 СИЗОго эки айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн