Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 10:19
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Бишкекте айып короосунда турган 4 унаа күйүп кетти

Бишкекте айып короосунда турган 4 унаа күйүп кетти

Бишкекте милициянын айып короосунда турган 4 жеңил унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Октябрь районунун Ч.Валиханов көчөсүндө Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын айып төлөнүүчү унаа токтотуучу жайында 4 жеңил унаа күйгөн.


1. “Ауди-80” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.


2. “Ниссан Примера” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.


3. “Хонда Аккорд” үлгүсүндөгү унаанын мотор отсеги күйгөн.


4. “Мицубиси” үлгүсүндөгү унаанын сол бампер жагы күйгөн.


Учурда өрттүн себеби такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн