Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 00:06
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Бишкекте бала багып алууга убада берип, 3 миң долларга алдап кеткен жаран кармалды

13.10.2021 13:39
867
Бишкекте бала багып алууга убада берип, 3 миң долларга алдап кеткен жаран кармалды

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди.


Октябрдын башында милицияга борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, апрель айында райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкери бала багып алууга жардам берүүнү убадалап, 3000 доллар алгандан кийин айтканын аткарбай койгон.


Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен катталган.


Октябрь РИИБдин кызматкерлери шектүүнү – 1962-жылы туулган И.Д.ны кармашты. Ал алгач убактылуу кармоочу жайга камакка алынган, андан соң соттун чечими менен үй камагына чыкты.


Тергөө уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн