Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 11:23
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бишкекте балдардын медициналык тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу башталды

01.09.2022 20:30
842
Бишкекте балдардын медициналык тез жардам  ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу башталды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, Бишкек шаарындагы балдардын медициналык тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушуна старт берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.


Мамлекет башчысы өз сөзүндө азыркы дүйнө жүзүндө эң маанилүү маселе саламаттык сактоо, ден соолукту чыңдоо, сергек жашоо мүнөзүн адатка айлантууга тарбиялоо болуп эсептелерин, андыктан өлкөнүн мамлекеттик саясаты жарандардын ден соолугун коргоо жана чыңдоо үчүн бардык шартттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.


Садыр Жапаров белгилегендей, элдин саламаттыгын бекемдөө маселеси 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасындагы негизги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат жана бүгүнкү күндө өлкөбүздүн келечеги саналган балдардын саламаттыгына кам көрүү, ден соолугун чыңдоо маселеси мамлекеттин көңүл чордонунда турат.


Ал Өнүктүрүү программасы сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылууга, ден соолукту чыңдоого, анын ичинде балдардын ооруларынын негизги себептерин алдын алуу менен оорулардын көрсөткүчүн төмөндөтүүгө багытталганын кошумчалады.


Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы балдардын тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүдө маанилүү аспект болот деп белгиледи.


Президент Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн каражатка балдар үчүн заманбап жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен ыңгайлуу шарттар түзүлгөн жаңы оорукана 2025-жылга чейин курулуп бүтөрүнө ишеним артты.


Төрт кабаттуу хирургиялык имараттын курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун (Сауд Арабия Королдугу) жеңилдетилген насыясынын эсебинен каржыланат. Жаңы имаратта 212 керебет жана 8 операциялык бөлүм болот: шашылыш хирургия, нейрохирургия, неонаталдык хирургия, хирургиялык инфекция, көкүрөк хирургиясы ж.б.у.с. болот.


Ошондой эле имаратта радиология, реанимация проктологиясы жана токсикология, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын реанимациясы, урология, травматология бөлүмдөрүн, морфологиялык кабинет, лабораториялык блок ж.б. жайгаштыруу пландалууда.


Ушул эле жерде мамлекет башчысы медициналык мекеменин жамааты менен баарлашып, орун алган көйгөйлөрдү сурады. Дарыгерлер эмгек акынын жогорулашына ыраазычылыгын билдиришип, саламаттыкты сактоо тармагындагы актуалдуу маселелер тууралуу айтып беришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн