Бугу 19, 2024
Убакыт: 23:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте 8 батирден өрт чыгып, жанындагы үйдү да өрт каптады

Бишкекте 8 батирден өрт чыгып, жанындагы үйдү да өрт каптады

Бишкекте ижарага берилген сегиз батирден өрт чыгып, жалын эки үйдү каптаган. Бул тууралуу ӨМКдин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 25-августка караган түнү саат 03:36 чамасында Бишкектин Абдраев көчөсүндө жайгашкан ижарага берилип келген сегиз бөлмөлүү батирден өрт чыккан. Ал жанаша турган мансард үйгө өтүп, турак жайдын экинчи кабатынын үч бөлмөсү, биринчи кабатынын эки бөлмөсүнүн шыбы күйгөн. Өрттүн жалыны ошол эле учурда жакын жайгашкан Чугуев көчөсүндөгү үч бөлмөлүү турак үйгө өтүп, үй толугу менен күйгөн.


Аны өчүрүүгө саат 03:36дан тарта төрт бөлүм тартылып, саат 08:26да өрт толук түрдө өчүрүлдү. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.


Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында 25 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 30 бөлүм тартылган.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн