Бейбаштыкка шектелген жаран кармалганын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Кылмыш 30-августта Кулиев көчөсүндө болгон. Шектүү өтүп бара жаткан бейтааныш жигитке бычак менен кол салып, аны менен сабаган.
Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен катталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган М.М. кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн