Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте биринчи жолу өткөрүлүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионатына 55 өлкөнүн спортчулары катышат

03.11.2022 12:56
830
Бишкекте биринчи жолу өткөрүлүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионатына 55 өлкөнүн спортчулары катышат

11-13-ноябрда Кыргызстанда алгачкы жолу самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев билдирди.


Анын айтымында, иш-чара Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы "Газпром" спорттук комплексинде өтөт.


"Бүгүнкү күндө самбо боюнча дүйнө чемпионатына дүйнөнүн 55 өлкөсүнөн 420дан ашык спортчу катышууга билдирүү беришти. Мындай масштабдуу иш-чарага даярдануу жана өткөрүүгө мамлекеттен 4 млн сомго жакын каражат бөлүндү", - деди ал.


Шабданбаев белгилегендей, учурда Кыргызстандын самбо боюнча курама командасы Ысык-Көл облусунда окуу-машыгууларын өткөрүшүүдө жана чемпионаттын өтүүсү спортту жана сергек жашоо образын жайылтууга, өлкөнүн спорттук беделин чыңдоого чоң салым кошот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн