Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 05:31
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкекте борбордун деталдуу пландоо долбоору талкууланды

29.09.2020 16:15
672
Бишкекте борбордун деталдуу пландоо долбоору талкууланды

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы Рысбай Аматов, «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын шаар куруу-долбоорлоо бөлүмүнүн башчысы Назгүл Койбагарова жана шаар тургундары демилгечи топтордун өкүлдөрү менен тегерек столдо шаардын деталдуу пландоо долбоорун (ДПД) талкуулады.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, мэр диалогдун катышуучуларына ДПД-бул техникалык документ экендигин, ал имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо негизги талаптарды (тыгыздыгы, функционалдык максаты, башкаруу линиялары, транспорттук жана инженердик инфраструктура) белгилей тургандыгын эскертти.

«Бул кварталдардагы жана участоктордогу курулуштардын долбоорлорун, архитектуралык-пландоо шарттарын берүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгууда негизги документ катары кызмат кылат», - деди ал.

Ошондой эле, Суракматов белгилегендей, ДПД – шаар тургундарынын жер тилкелерин алуу инструменти эмес. Ар бир адамдын жеке менчикке болгон укугу Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана өлкөнүн Жарандык кодекси менен корголот. «ДПД шаарда башаламан курулуштар болбошу үчүн керек», - деди шаар башчысы.

Ошону менен катар калаа башчысы шаардыктардын сейил бактардын сакталышына байланыштуу суроолоруна жооп берди.

«Жашыл аймактарды сактоо мэриянын бекем позициясы, тынчсызданууга негиз жок. Учурда биз жер пайдалануу жана курулуш эрежелеринин үстүнөн иштеп жатабыз. Бул жерди пайдаланууга уруксат берилгендигин аныктайт жана ДПД менен бирге иштейт», - деп баса белгиледи ал.

Калаа башчысы ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына дайым ачык экендигин кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн