Бүгүн, 9-августта Бишкектеги ботаникалык бакчада өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын Октябрь районунун Иса Ахунбаев көчөсүндө ботаникалык бакчанын аймагында куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрт кырсыгы катталган дарекке саат 14:12де Октябрь райондук №5 өрткө каршы бөлүмдөн 1 бөлүм, кошумча саат 14:33тө Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо 15:02де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн