Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:21
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Бишкекте дүкөндөгү акчаны уурдоого аракет кылган жаран кармалды

17.05.2023 11:35
187
Бишкекте дүкөндөгү акчаны уурдоого аракет кылган жаран кармалды

Бишкектин дүкөндөрүнүн бирине тоноого аракеттенген шектүү жаран кармалды. 


ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, 2023-жылдын 16-май күнү кечки саат 22:00 чамасында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын борборлоштурулуп кайтаруу пунктунан Бишкек шаарында жайгашкан дүкөндүн бирине белгисиз жаран кирип жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. 


Дүкөндүн дүрбөлөң баскычы иштеп, ал боюнча айгай белгиси берилгенден кийин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун ыкчам тобу окуя болгон жерге барган.   

  

Аталган дарекке барган учурда, белгисиз жаран кирип, күч колдонуу менен акча салынган сурманы ачып андагы акчаларды уурдоого жана тартып алууга аракет кылганы аныкталган. 


Ыкчам аракеттер жүргүзүп, жыйынтыгында 1977-жылы туулган К.Ю.В. кармалып, Бишкек шаарындагы Свердлов районунун Аймактык милиция пунктуна жеткирилип тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн