Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:20
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте эски аянтта айыл чарба жарманкелери өтөт

05.10.2023 10:45
203
Бишкекте эски аянтта айыл чарба жарманкелери өтөт


20-22-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы эски аянтта "АгроТехЭкспо — 2023" көргөзмөсүнүн алкагында "ОрганикЭкспо — 2023" жана "Алтын күз" айыл чарба жарманкелери өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады. Билдирмеге ылайык, быйыл мындай иш-чара 10-ирет өтөт.


Көргөзмөнүн алкагында эң көп түшүм алган дыйкандар, асыл тукум мал баккан фермерлер арасында конкурстар да болот. Анын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылат.


Жарманкеге айыл чарбасына керектелүүчү бардык товарлар коюлат: үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүк дарылары, айыл чарба техникалары жана башкалар. Ага келгендер айыл чарба техникаларын лизингге алса болот. Бул үчүн маалымат-кеңеш берүү үчүн банк кызматкерлери да иш-чарага катышат.


"Алтын күз" айыл чарба жарманкесине дыйкандар өздөрү өстүргөн мөмө-жемиш, жашылчаларын алып чыгышса, ишкерлер өздөрү өндүргөн азык-түлүктөрүн сатыкка коёт. Министрлик жарманкеде товарлардын баасы арзаныраак болорун белгиледи.


"ОрганикЭкспо – 2023" жарманкесинде айыл чарбасына тиешелүү суроо-жооптор болот. Ага келген дыйкандар суроолоруна жооп ала алышат", — деп айтылат маалыматта.


Анда белгиленгендей, көргөзмөгө үч күн ичинде 15 миңдей ишкер, фермер, дыйкандардын катышуусу күтүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн