Бишкекте кампадан чыккан өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Бүгүн түнкү саат 02:14 чамасында Биринчи Май районунун Васильевский тракт көчөсүндө жайгашкан автобазасынын аймагында курулуш фирмасынын кампасынын 50 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө №4 ӨКБдан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 02:43 өрт чектөөгө алынып, толук 05:17 өчүрүлдү.
Өрттүн кесепитинен К.Н. 45-50 жаш чамасында эркек кишинин жансыз денеси табылган жана ИИМ кызматына өткөрүлүп берилди.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн