Бишкекте каналга түшүп кеткен жаранды издөө иштери улантылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ күнкү издөө иштери натыйжа берген эмес.
Маалым болгондой, 26-майда Көлбаев менен Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде каналга белгисиз адам түшүп кеткендиги тууралуу нөөмөт бөлүмгө билдирүү түшкөн. Жерине жалпы 9 куткаруучу, 3 суучул тартылган.
Кечки саат 20:15те кошумча 7 куткаруучу тартылып, натыйжа болгон жок. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.
Бүгүн, 27-майда издөө иштери улантылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн