Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 09:06
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Бишкекте кичи автобуста кыз эсин жоготту

27.06.2022 13:15
568
Бишкекте кичи автобуста кыз эсин жоготту


Бишкекте күн ысыктан улам эл жык толгон кичи автобуста кыз эсин жоготуп жыгылды. Бул тууралуу Назгүл Мамытова өзүнүн Фейсбук бараксы аркылуу билдирди.


"Бүгүн, 203-маршруткадан бир кыз эсин жоготуп жыгылды. Кайдыгер эмес жарандар алып түшүп, аялдамага жаткырып тез жардам чакырышты. Кыргызстандын тез жардамы жеткиче нерв чыдабай кетет го чиркин ай! Алып кетишти кызды. Маршруткалардын люктары өтө кичине, айнектери ачылбайт! Мээ кайнаткан ысыкта картошка жүктөгөнсүп тыгып алышат! Кыскасы бардык тармакта бардак! Көзөмөл кылган бир жан жок! Эмне үчүн маршруткалардын айнектери ачылбайт! Дагы канча киши эсин жоготуп жыгылыш керек?! Же сөзсүз эле өлүш керекпи?!", - деди ал.


Маалыматка ылайык, жардам көрсөтүлгөндөн кийин кызга үйүнө кетүүгө уруксат берилген. Ал ооруканага жаткырылган эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн