Бештин айы 26, 2024
Убакыт: 17:16
USD
86.85
87.35
EUR
90.10
91.10
RUB
0.860
0.900

Бишкекте кыргыз-герман бизнес форуму өтүүдө

03.12.2024 11:27
827
Бишкекте кыргыз-герман бизнес форуму өтүүдө


Бишкекте бүгүн саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкка багытталган кыргыз-герман бизнес форуму өтүүдө.

Иш-чарага КР Соода-өнөр жай палатасынын президентти Темир Сариев жана Германиянын алдыңкы 6 компаниясынын өкүлдөрү катышууда.

Соода-өнөр жай палатасы менен тыгыз кызматташтыкта уюштурулган бизнес-миссия биринчи кезекте Германиянын компанияларына саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты тыгыздоо максатында уюштурулган.

Форумдун негизги миссиясы - Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагын модернизациялоого көмөктөшүүгө кызыкдар немец компаниялары менен байланыш түзүү.

Белгилей кетсек, Германия Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагындагы эң маанилүү соода өнөктөштөрүнүн бири. Кыргызстанга медициналык жабдууларды жана медициналык технологияларды импорттоп келет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн