Бугу 02, 2024
Убакыт: 19:49
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Бишкекте кыргыз кызын чапкан чет элдик жаранга кылмыш козголду

16.08.2021 17:41
1057
Бишкекте кыргыз кызын чапкан чет элдик жаранга кылмыш козголду

Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринде эс алган чет элдик жаран, администратор кызга кол көтөргөндүгү боюнча милиция чара көрбөй жатат. Бул тууралуу аталган клубдун администратору жергиликтүү басылмаларга кабарлаган.


Окуя 3-августка караган түнү, болжолдуу 4:30дар чамасында болгон. Кафеде эс алып олтурган жаран кызуу болуп алып, эжежеге туура келбеген иштерди жасоого аракет кылган. Мындан улам клубдун администратору аны сыртка алып чыгып таксиге салган. Ошол учурда учууланган кардар администратор кызды көкүрөк тушка коюп жиберген.



Жабырлануучу ошол эле күнү Ленин райондук милициясына арыз жазып, медициналык кароодон өткөнүн, бирин райондук милиция бул фактыга кайдыгер мамиле жасап жатанын айтат.


«Бош такси бар экенин айтсам, чет элдик киши өзүнүн тилинде бир нерселерди сүйлөп, сөгүнүп жатты. Анан кокусунан эле мени көкүрөк тушка катуу уруп жиберди. Ошол жерде демим кысылып, ыйлап отуруп калдым. Аны биздин коопсуздук кызматы кармап, Ленин райондук милициясына бардык. Тергөөчү мага арыз жаздырып, аны алып кирип кеткен. Андан соң медициналык экспертизадан өтүп келдим. Ошол бойдон дайын жок, тергөөчүгө чалсам албайт. Эки күндөн кийин мени урган жаран клубга келиптир, мен жумушта жок болчумун. Кесиптештерим эмне болду деп сураса «тергөөчү гүл менен шоколад алып барсаң кечирет» -деп айтыптыр. Эгер Европада мындай окуя болсо качан эле камап салмак«, — деди жабырлануучу.


Бул боюнча, Ленин РИИБинин басма сөз кызматы расмий маалымат билдирди. Ага ылайык, аталган факты «Майда бейбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Соттук медициналык короодо жабырлануучунун денесинин жабыркагандыгы тастыкталган эмес. Ошондуктан, кайрадан соттук-медициналык кароо дайындалган. Ошонун негизинде, шектүү Улуу-Британиянын жараны Р.Х.нын аракетине юридикалык баа берилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн