Бүгүн Бишкек шаарынын Салиева 217 дарегинин жанынан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул тууралуу ички иштер бөлүмү кабарлады.
Белгилүү болгондой, жаңы төрөлгөн ымыркай пластик буюмга оролуп салынган. Аны көчөдөн өтүп бара жаткан аял көрүп калган. Ал милицияга кабар берген.
Ымыркайды медициналык текшерүүдөн өткөргөн, анын абалы жакшы.
Бул боюнча тиешелүү органдар иликтөө жүргүзүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн