Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:39
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкекте компьютердик клубдун атын жамынган "вебкам" студия аныкталды

11.04.2023 11:01
185
Бишкекте компьютердик клубдун атын жамынган "вебкам" студия аныкталды


Бишкекте компютердик клубдун атын жамынган "вебкам" студия аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.


2023-жылдын 6-апрелинде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси «Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында иштер жүргүзүлгөн.


Өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы компьютердик клуб катары өзүн көрсөтүп келген белгилүү бир “студиянын” дареги аныкталып, ал жерди ыкчам кызматкерлер текшерүүгө алган. Бул даректе документтер боюнча жубайлар катталганы, бирок үйдүн 1-кабатындагы чоң бөлмөдө 8 компьютер орнотулган, өзүнчө бөлмөдө 10 компьютер, 2-кабатта 4 компьютер, жер төлөдө дагы 4 компьютер бар экендиги аныкталган. 


Бул “мекемеде” болжол менен 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү 7-8 жигит иштешкени белгилүү болгон. Бирок, бул балдар котормочулар экени маалым болуп, алар модель менен потенциалдуу кардардын ортосундагы ортомчулар экени такталган.


Ошол эле учурда компьютердин бет маңдайында отурган веб-моделдер башка шаарда, атүгүл башка өлкөдө болушу толук мүмкүн. Ошондой эле, сайттарга кирген кардарлар дагы башка шаарда жашашат. Бул учурда операторлор кошулуп, котормочу болуп, веб-моделдин ордуна келгендер менен видео чатта баарлашып жүрүшкөн. Көрсө, кардарды азгырып, көбүрөөк төлөп берүү да котормочулардын негизги милдети экени маалым болду.


Бул бизнес бир топ киреше алып келет. Жумушчулардын айтымында, бул турак жайдын ижара акысы ай сайын 700 АКШ доллары өлчөмүндө төлөнөт.


Учурда иликтөө иштери уланууда. Жалпысынан көрсөтүлгөн даректен 30 компьютер табылып алынган.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн