Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Бишкекте көргөзмөдө "0 сомдук" өзгөчө купюра тартууланат

05.12.2023 11:14
180
Бишкекте көргөзмөдө "0 сомдук" өзгөчө купюра тартууланат


Бишкекте бүгүн “Бааланбаган эмгек” аталышындагы көргөзмө өтүп, анын алкагында көпчүлүктүн назарына “0 сомдук” өзгөчө купюра тартууланмакчы. Бул тууралуу “Сорос-Кыргызстан” фондунан билдиришти.

Иш-чара саат 15:00дө “Азия Молл” соода борборунун үчүнчү кабатында өтөт.

Уюштуруучулар көрсөтүлгөн экспозиция кыргызстандыктарды аялзаттын үй оокатына кошкон зор салымы туурасында ойлондурат деп ишенишет.

"Көргөзмөнүн коноктору презентация маалында күбө боло турган купюра мыйзамдуу алмашуу каражаты болбогону менен, көпчүлүктүн көңүлүн аялдардын баркталбаган үй эмгеги сыяктуу көйгөйүнө бурмакчы. Жасалгасы менен бул купюра жакында гана жүгүртүүгө чыккан жаңы үлгүдөгү улуттук валютага окшоп кетет", - деп билдиришти авторлор.

Бирок, купюра – долбоор экспозициясынын чакандай гана бөлүгү. Иш-чаранын алкагында өз тиричилик тажрыйбасы жана үй эмгегине болгон көз караштары менен бөлүшкөн айымдардын чыныгы турмуштан алынган окуялары тартууланмакчы. Алар өз кубанычтары жана кыйынчылыктары менен бөлүшүп, көрүүчүлөрдүн көңүлүн көзгө көрүнбөгөн, бирок коомдун ажырагыс бөлүгүнүн маанилүүлүгүнө бурушат.

"“Бааланбаган эмгек” долбоорун жапырт колдоп, биз анын аялзаттын үй эмгегине болгон мамилени өзгөртүү сыяктуу маанилүү максатына салым кошмокчубуз. Бул маселени кызуу талкууга алууга кошулуңуздар, адилеттүү жана сый-урматка негизделген коомдуу курууда ар бириңиздин кошкон салымыңыз маанилүү", - деди долбоордун авторлорунун бири Мария Казакова.

Аталган долбоор ушул жылдын августунда башталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн