Бугу 03, 2024
Убакыт: 23:10
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкекте курулуш материалдарынын көргөзмөсү ачылды

23.04.2024 14:34
172
Бишкекте курулуш материалдарынын көргөзмөсү ачылды


Бишкекте 21-эл аралык курулуш тармагынын адистештирилген көргөзмөсү ачылды. Анын ачылышына Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир сариев катышты.

Соода-өнөр жай палатасынан маалымдашкандай, анда 14 өлкөдөн келген жүздөн ашык экспонаттар, анын ичинде инженердик жабдуулар, курулуш материалдары жана жасалгалоо элементтери коюлган.

Палатанын президентинин айтымында, курулуш тармагы жаңы технологиялардын жана жабдуулардын аркасында дайыма жаңыланып турат. Темир Сариев ошондой эле курулуш бизнесин өнүктүрүүдө, анын ичинде тармакты талдоодо жана мыйзам чыгаруу демилгелерин колдоодо Соода-өнөр жай палатасынын активдүү ролун белгиледи.

Көргөзмөнүн алкагында мастер-класстар жана семинарлар өтүп, анда эксперттер тармактагы жаңы жетишкендиктер менен бөлүшөт. Бул көргөзмөнүн катышуучуларына жана конокторуна курулуш индустриясынын акыркы тенденциялары жана технологиялары менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн