Бугу 04, 2024
Убакыт: 20:16
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте маршрутка айдоочуларынан системалуу түрдө пара талап кылып турган кызматкер кармалды

17.11.2022 10:08
273
Бишкекте маршрутка айдоочуларынан системалуу түрдө пара талап кылып турган кызматкер кармалды


КР УКМК Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы күрөшүү жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, маршруттук таксилердин айдоочуларынан системалуу түрдө опузалап акча каражатын талап кылууда көрсөтүлгөн туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


Кезектеги 15 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» мамлекеттик мекемесинин эксплуатация бөлүмүнүн башчысы М.К.Ж. кармалды.


Тергөөнүн жүрүшүндө, кармалган М.К.Ж., мыйзамсыз киреше алуу жана баюу максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, линиялык жүргүнчү ташуучу автобустардын айдоочуларынан акча өндүрүү боюнча коррупциялык схеманы уюштургандыгы аныкталды.


Мындан тышкары, М.К.Ж. айдоочуларга дайыма психикалык кысым көрсөтүү жана коркутуу жолу менен, ошондой эле каттамдан четтетүү же жумуштан кетирем деп айдоочулардан акча каражатын талап кылып турган.


2022-жылдын 15-ноябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча М.К.Ж. кармалып, шектүү катары Кыргыз Республикасынын УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн