Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте май айында кыргыз-герман бизнес-форуму өтөт

13.04.2023 13:21
1013
Бишкекте май айында кыргыз-герман бизнес-форуму өтөт

Бишкекте ушул жылдын май айында немис ишкерлеринин катышуусунда кыргыз-герман бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан (СӨП) билдиришти.


Мекеменин маалыматына караганда, учурда Германияда иш сапары менен жүргөн КР СӨПтүн президенти Темир Сариев Гамбургдун Соода палатасынын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча комитетинин жыйынына катышты.


Темир Сариев катышуучулага Кыргызстан, кызматташуунун келечеги жана инвестицияларды тартуу тууралуу айтып берген.


"Гамбург-логистикасы жакшы өнүккөн порт шаары. Түркмөнстан аркылуу Перс булуңуна чыгуучу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу Европа өлкөлөрүнө чыгуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк болот. Немис бизнесинин өкүлдөрү жүк логистикасына, энергетикага, айыл чарбасына жана тоо-кен тармагына жогорку кызыгуу көрсөтүштү", - деп айтылат маалыматта.


СӨПтөн кошумчалашкандай, отурумдун ишине ошондой эле Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев жана Гамбургдун ири бизнесинин өкүлдөрү катышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн