Бишкек шаардык мэриясы кайрадан мектеп окуучуларынын шартын карап чыгып, кайрадан салттуу түрдө окутууга өтүүнү чечти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, жергиликтүү кеңештин шайлоосу жана референдум өткөндөн кийин мектептер атайын санитардык каражаттар менен тазаланып, окуучуларга даярдалат.
Окуучулар болгону 12-13-апрель күндөрү аралыктан окушат.
Эске салсак, мэрия эпидемиологиялык абал курчуп кеткендиктен окуучуларды онлайн форматта окутууга өткөрүүнү билдирген эле.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн