Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 06:13
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Бишкекте никеге туруу максатында кыз ала качууга аракет кылышкандар кармалды

18.12.2023 12:27
266
Бишкекте никеге туруу максатында кыз ала качууга аракет кылышкандар кармалды


Бишкекте никеге туруу максатында кыз ала качууга аракет кылышкан. Кылмышка шектүүлөр кармалганын Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, кыз укук коргоо органдарына кайрылган. Ал Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде бир нече жигиттер күч менен унаага салып алып кетишкенин билдирген.


Бул факты боюнча тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (никеге туруу максатында адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.


Кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү такталып, төрт киши кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн