Бишкектин Бакаев көчөсүндөгү пейнтбол оюн жайында өрт чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Оюн жайында эки даана стол, оюн-зоок ойноочу автоматтар жана үч даана пластик терезе күйгөн. Өрттүн кесепетинен Б.Т. аттуу жаран 1-даражадагы күйүк алып, тез жардам кызматына өткөрүп берилген.
Өрттүн себеби такталууда.
Эскерте кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында 37 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 41 бөлүм тартылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн