Теке 19, 2025
Убакыт: 08:57
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.110
1.135

Бишкекте президенттин катышуусунда кезектеги "Мурас" футболдук турнири өтүүдө

08.12.2023 11:51
1614
Бишкекте президенттин катышуусунда кезектеги "Мурас" футболдук турнири өтүүдө


Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен салтка айланып калган кезектеги "Мурас" футболдук турнири өтүүдө.

Мелдешке 16 команда катышууда. Оюн 8-9-декабрь күндөрү өтөт.

Президент турнирдин башында куттуктоо сөзүн сүйлөп, жалпы катышуучуларга ийгилик каалады.

Командалар төрт тайпага бөлүнгөн, оюндар мурункудай эле эки локацияда: “Газпром - балдарга” ден соолук чыңдоо комплексинде (А жана В тайпалары) жана Кожомкул атындагы Спорт сарайында (C жана D тайпалары) өтөт.

Оюндар УТРКнын жана ЭлТРдин түз эфиринен көрсөтүлүүдө.

Иш-чара Кыргыз футбол союзу жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн