Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте "Хонда Фит" уурдаган эки жаран аныкталды

Бишкекте "Хонда Фит" уурдаган эки жаран аныкталды

Бишкекте эки эркек Honda Fit унаасын уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 11-февралда Бишкек шаарынын ленин райондук милициясына А.У. аттуу жаран арызы менен кайрылып, 10-февралдан 11-февралга караган түнү Фучик көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда токтоп турган унаасын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген.


Аталган факты боюнча "Автотранспорт каражатын уурдоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.


Издөө иштеринде шектүүлөр кармалды, алар 1992-жылы туулган К.Р. жана 2000-жылы туулган К.Б. болуп чыгып, кармоо учурунда уурдалган унаанын ичинде болушкан.


Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тийиштиги бар-жогун аныктоо иштери жүрүп жатат.


Иликтөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн