Бишкек шаарында "Рулда" аттуу масштабдуу түнкү рейд өттү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.
Рейддин жүрүшүндө бардык транспорт каражаттары текшерилди. Атап айтканда, жолдорду тарылтуу аркылуу кыймылдын коопсуздугу камсыздалып, жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Рейддин максаты жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктоо, жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу жана жол кырсыктарынын алдын алуу болуп саналат.
Кайгуул кызматы айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактоону эскертип, башка катышуучуларга урмат көрсөтүп, сабырдуулук менен мамиле кылууга чакырат.
Белгиленгендей, рейд бир нече күн бою уланат жана шаардык жолдордун негизги бөлүктөрүн камтыйт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн