Бугу 05, 2024
Убакыт: 02:30
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте таштанды чакадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды

Бишкекте таштанды чакадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды


Бишкекте таштанды чакадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-октябрда болжол менен 23:30дар чамасында “102” кызматына белгисиз аял төрөп, ымыркайын Элебесов көчөсүндөгү таштанды чакага таштап кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, таштанды чакадан ымыркайды табышкан.

Аталган факты райондук милицияга каттоого алынып, учурда тергөөгө чейинки зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ымыркай №1 төрөт үйүнө өткөрүлүп берилген, абалы туруктуу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн