Чын курандын 21, 2025
Убакыт: 20:16
USD
86.80
87.30
EUR
99.70
100.70
RUB
1.055
1.095

Бишкекте тигүү цехтеринин биринде мыйзамсыз иштеген 27 чет элдик аныкталды

21.04.2025 16:40
22
Бишкекте тигүү цехтеринин биринде мыйзамсыз иштеген 27 чет элдик аныкталды


Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринин биринде тиешелүү уруксат кагаздары жок жүргөн 27 чет элдик жаранды мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


УКМК мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринин биринде тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок 27 адамдан турган чет элдик жарандарды мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктады.


Тартип бузгандар жана цехтин өкүлү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине жеткирилип, тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматкерлерге өткөрүлүп берилди.


Компетенттүү органдар текстиль өндүрүшү жаатындагы иш берүүчүлөрдү колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерин так сактоого жана терс кесепеттердин келип чыгышына жол бербөө үчүн чет өлкөлүк жумушчу күчүн мыйзамсыз пайдалануу фактыларына жол бербөөгө чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн