Бүгүн, 24-майда Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май району, Көкчө-Тоо көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине өрттү өчүрүүгө №8 ӨКБдан 1 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа тартылган жана №4 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган.
Өрт саат 11:33тө чектөөгө алынып, толук саат 12:00 өчүрүлдү.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Жабыркагандар жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн