Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:21
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, 40 жаштагы жаран каза тапты

Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, 40 жаштагы жаран каза тапты

Кыргызстандын аймагында сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.


Бишкектин Свердлов районундагы Дачная көчөсүндө турак үйдүн үч бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1983-жылы туулган З.Д. аттуу эркек кишинин күйүп калган сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда Өрттүн себеби такталууда.


Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан беш чыгуу болгон. Куткаруучулар үч унааны сүйрөп чыгарышып, бекилип калган бир эшикти ачып беришкен жана суу каптап калган батирдин суусун сордурууга көмөк көрсөтүшкөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн