Унаа тыгындарын азайтуу максатында Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы менен “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жол жээгине кошумча бир тилке кошуу менен кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Курулуш иштери Ч. Айтматов-Горький көчөлөрү, Байтик-Баатыр-Масалиев көчөлөрүнүн кесилиши (Түштүк магистраль) да жолду кеңейтүү тизмесине киргизилген.
Белгилей кетсек, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы 2022-жылга тротуарларды капиталдык оңдоонун титулдук тизмесине ылайык, Манас/Ч.Айтматов проспектиси Жибек-Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин өндүрүштүк планга киргизген. Учурда Л.Толстой көчөсүнөн баштап Ахунбаев көчөсүнө чейин асфальт төшөө үчүн бордюрларды орнотуу жана фундаментти даярдоо иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле жолдорго жана аялдамаларга бороон-чапкынды кабыл алуучу торлорду (ЖПР) орнотобуз.
Мындан тышкары, “Бишкекасфальтсервис” МИ борбор калаанын жолдорун оңдоп-түзөө иштерин улантууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн