Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:56
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте үй комитеттерине психоактивдүү заттардын жайылышын алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү

16.02.2022 15:17
390
Бишкекте үй комитеттерине психоактивдүү заттардын жайылышын алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү

Психоактивдүү заттардын жайылышын алдын алуу боюнча кварталдык жана үй комитеттеринин өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


 2022-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Свердлов районундагы №20 муниципалдык аймактык башкармалыгында кварталдык жана үй комитеттеринин өкүлдөрү менен жаңы психоактивдүү заттардын жайылышын алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү.

 Аталган жыйындын катышуучуларына Бишкек шаарындагы баңгичиликтин учурдагы абалы жана аны алдын алуу жаатында жер-жерлерде жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгү тууралуу маалымат берилди.


 Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 101-беренесинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга окшош түрлөрүн жана прекурсорлорун, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды камтыган, жүгүртүүгө тыюу салынган өсүмдүктөрдү, же болбосо алардын прекурсорлорун жана баңгизат каражаттарын же психотроптук каражаттарды камтыган алардын бөлүктөрүн колдонууга чакыруу” жаңы ченеми тууралуу түшүндүрмө берилди.  


 Жыйындын уюштуруучулары катышуучуларды баңгизаттарга тартуу жана аларды таратуу белгилери байкалса, тиешелүү чараларды көрүү үчүн тез арада ИИОнун аймактык бөлүктөрүнө билдирүүгө чакырды.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн