Бишкек шаарынын комендатурасы жасалма өткөрмө кагазын
саткан жигитти кармады. Бул тууралуу 24-апрелде өткөн брифингде Ички иштер
министринин орун басары жана Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалеив
билдирди.
"Жасалма өткөрмө кагаздары менен алектенип, аларды 1500 сомдон сатып
жүргөн 1990-жылы төрөлгөн жигитти кармадык. Андан мөөр, клише жана өткөрмө кагаздар алынды”, - деди Орозалиев.
Комендант аталган фактыны аныктоого көмөктөшкөн журналистке ыраазычылык билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн