13-майда Бишкектин Профсоюз-Месароша көчөлөрүнүн кесилишинде "Mercedes-Benz" үлгүсүндөгү жеңил унаа жол кырсыгына учураган.
Тасмадан байкалгандай, унаа жолдун четиндеги кубаттуу электр мамысын барып сүзгөн. Унаада бир айдоочу гана болгон.
Окуяга күбө болгондор жолдун кесилишине жол чырак орнотуу керектигин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн