Бүгүн, 8-февралда Бишкек шаарында жылуулук өткөрүүчү түтүктөн белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, Свердлов районунун А.Үсөнбаев жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылуулук өткөрүүчү түтүктө (теплотрасса) белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, болжол менен 40-45 жаштагы славян улутундагы эркек кишинин жансыз денесин алып чыгышкан.
Учурда укук коргоо кызматкерлери каза болгон адамдын өздүгүн тактоо жана андан аркы ишти иликтөөдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн