Бишкекте Патрис Лумумба жана Волкова көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Fit менен BMW үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.
Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, BMW автоунаасы андан ары сүрүлүп барып, беш жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Үч жаран реанимацияга жаткырылган.
Учурда автоунаалар айып короо жайына токтотулуп, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн