Теке 27, 2024
Убакыт: 10:34
USD
EUR
RUB

Бишкектеги №33 мектепке бомба коюлганы айтылып, окуучулар кайра эвакуацияланды

28.11.2023 11:36
174
Бишкектеги №33 мектепке бомба коюлганы айтылып, окуучулар кайра эвакуацияланды


Бишкектеги №33 мектепке бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, окуучулар кайра эвакуацияланганын укук коргоо органдары кабарлады.


Маалым болгондой, жардыруучу зат тууралуу маалымат окуу жайдын электрондук почтасына бүгүн болжол менен саат 9:30да келген.


"Мектепте иштегендер милицияга чалып, ал жактагылардын баары эвакуацияланды. Жеринде укук коргоо органдары иштеп жатат",— деген ишенимдүү адамдар.


Эске салсак, кечээ да окуучулар эвакуацияланып, саперлор ичин текшерип эч нерсе тапкан эмес.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн