Бишкекте 10-майга караган түндө №47 жаза аткаруу мекемесинен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 00:08де абактагы эки кабаттуу имараттан өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.
2 өрт өчүрүүчү унаа тартылып, өрт 01:08де чектөөгө алынып, 03:00дө толук өчүрүлгөн.
Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн